Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 29.08.2014 10:35

Ошто майда фермердик чарбалар менен кооперативдерди бириктирүү сунушталууда

Turmush -  Туштук аймагы боюнча өз күчү менен дүйнөлүк базарга чыгууга «Мол түшүм» жана «Нукок» кооперативдеринин гана мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош жергесинде фермерлер менен дыйкандардын жолугушуусу өтүп, экспорттоонун көйгөйлөрү жана жетишкендиктери талкууланды.

Маалым болгондой, эгер өлкө Бажы биримдигине кире турган болсо, айдоо аянттарынын жана техниканын жетишсиздигинен улам аталган кооперативдер экспорттоогө талап кылынган өлчөмдө жашылча-жемиш өндүрө албай калышы мүмкүн. Мындан тышкары, өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди сактоо үчүн да кампа талап кылынат.

Ошондой эле, дыйкандар алманын дээрлик 34%ы чирип кетип жатканын айтып, аны таза сактаганга жана экспортко чыгарганга бийлик тарабынан жардам күтүшөрүн билдиришти.

Аны менен катар, жогоруда белгиленген көйгөйлөрдү чечүү максатында ири жана майда фермердик чарбалар менен кооперативдерди бириктирүү сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×