Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 18:10

Оштун мэри А.Кадырбаев 29-августта жергиликтүү ишкерлер менен жолугушат

Turmush -  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 29-августта Ош шаарынын бизнес чөйрөсүндөгү өкүлдөр менен жолугушуу өткөрөт.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда ишкердиктин өнүгүү маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, эки тарап мэриянын, укук коргоо жана салыктык органдарынын ишкерлерге көрсөткөн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×