Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 17:59

Ошто жыл башынан бери өспүрүмдөр катышкан 55 кылмыш катталды

Turmush -  Ош шаарында үстүбүздөгү жылдын 7 айында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 55 кылмыш каттылып, учурда 135 окуучу каттоодо турат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мугалимдердин август конференциясынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жыл санап өсүүдө.

А.Кадырбаев белгилегендей, окуучулар өзүн алып жүрүүнү билишпейт жана буга мугалимдер гана эмес, ата-энелер да күнөөлүү.

«Учурда өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлор жетишпейт. Буга байланыштуу өспүрүмдөр иши боюнча инспекцияга кошумча дагы 40 адам жумушка алынып, аларга эмгек акы жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилет», - деп билдирди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×