Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 17:30

Ошто «Хонда Фит» жана «Хюндай Асент» унаалары сүзүштү

Turmush -  Ош шаарында бүгүн, 28-августта саат 16:56 чамасында Р.Абдыкадыров (жаңы көпүрө) жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда Фит» жана «Хюндай Асент» үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгында жабар тарткандар болгон жок.

Окуя болгон жерге тех жардам кызматы жана жол кайгуул кызматынын кызматкерлери келди.

Учурда тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, окуяга күнөөлүү тарап такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×