Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.01.2014 09:44

Ош шаарында эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду (фото)

Turmush -  Ош шаарында бүгүн, 30-январь күнү саат 01:15тер чамасында Кулиев көчөсүндө (Фуркат айылы) мамлекеттик № О 82-92 G болгон «Хонда-Фит» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четинде токтоп турган «ЗИЛ» (мам. № О 85-94 АХ) унаасын сүзгөн.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болгон. Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×