Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 16:59

Оштогу жараксыз абалга келген №18 гимназия мектебинин имаратын куруп берүүнү «Зеленный Колос» коомдук фонду убада кылды

Turmush -  «Зеленный Колос» коомдук фонду Ош шаарындагы жараксыз абалга келген №18 гимназия мектебинин имаратын куруп берүү убадасын берди. Бул тууралуу фонддун мүдүрү Ваил Мурси Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен болгон жолугушуусунда билдирди, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Аталган мектеп 540 орунга ылайыкталып, 1936-жылы курулуп, эскилиги жеткен. Учурда имарат авариялык абалда болгондугуна байланыштуу бош турат.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 25-май акыркы конгуроо майрамында №18 гимназия мектебине келип, абал менен жеринен таанышып, маселени тезинен чечип берүү убадасын берген.

Мындан тышкары, ушул эле имараттын жанына балдар үйүн куруу да пландалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×