Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 15:38

Оштун мэри А.Кадырбаев «Зеленный Колос» коомдук фондунун башкы директору В.Мурсини кабыл алды

Turmush -  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев «Зеленный Колос» коомдук фондунун башкы директору Ваил Мурсини кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кабыл алуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу тууралуу талкуу жүрдү.

Ваил Мурси мындан ары Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташтыкта иш алып бараарын жана шаарда кандай көйгөйлөр болсо жардам береээрин айтты.

Эскерте кетсек аталган коомдук фонд Кыргызстанда 17 жылдан бери иш алып барып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×