Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 14:58

Ош шаарынын айылдык кеңештин депутаттарынын билим денгээли кызматтык талаптарга жооп бербейт, - саясатчы аялдар коомунун мүчөсү

Turmush -  Ош шаарынын айылдык кеңештин депутаттарынын билим денгээли кызматтык талаптарга толук кандуу жооп бербейт. Анткени, учурда көпчүлүк депутаттар өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин жакшы биле бербейт, - дейт саясатчы аялдар коомунун мүчөсү.

Маалым болгондой, жергиликтүү маселелердин айрым бир мезгилде чечилиши, же болбосо аткарылышында аксоолор болуп жатат.

Айылдык кенештердеги депутат аялдардан түзүлгөн, саясатчы аялдар коому, Жогорку Кеңештин депутаттары менен тыгыз кызматташуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүштү. Буга чейин айылдык кеңеш менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын ортосунда кызматташуу мамилеси жок болгон.

Эми бул демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Алтыбаева көтөрүүдө. Эл өкүлү бүгүн саясатчы аялдар коому менен болгон жолугушууда, эки кеңештин ортосуна көпүрө болуп берууго убада кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×