Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 14:25

Ошту көмүр менен камсыздоо жумушу көйгөй жаратууда, - министр К.Боронов

Turmush -  Ошту көмүр менен камсыздоо жумушу көйгөй жаратууда. Мындай пикирин КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош шаарынын кышка карата даярдыгын текшерүү учурунда билдирди.

Анын айтымында, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагына көмүр жеткирүү жумушу жай жүрүп жатат.

«Мисалы, кесиптик окуу жайларында көмүр жеткирүү 3%га, маданият тармагында 16-17%га араң аткарылыптыр. Бул маселени өкмөттүк деңгээлде да коебуз, бирок, силер да аракетиңерди көргүлө», - деди К.Боронов.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев да көмүр ташуу маселесинде көйгөй жаралгандыгын айтты.

«Көмүр казуучу компаниялар жүк ташуучу унааларга киргизилген 8 тонналык чектөөнү алып салууну суранып жатышат. Менимче, тез арада мына ушул маселени Өкмөт карап туруп, чечип бербесе 4 айдан бери газсыз отурган Ош үчүн кырдаал дагы да оорлоп кетет. Убактылуу болсо да оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөнү алып турса туура болот го деген ойдомун», - деди А.Кадырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×