Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 13:38

Оштогу «Боорукердик» балдар үйүнүн тарбиялануучуларына «Участковый» аталышындагы тасма көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 28-августта Ош шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан шаардагы «Боорукердик» балдар үйүнүн тарбиялануучуларына Эгемендүүлүк күнү майрамына карата майрамдык салтанат уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Алгач балдарга «Участковый» аталышындагы тасма көрсөтүлдү. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө, Ош ШИИБнын командасы, коомдук абалды алдын алуу бөлүмү жана ЕККУ уюмунун командалары балдар үчүн тамактануу уюштурушту.

Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кылыч Жолдошев, бул иш-чаранын максаты балдар үйүндө тарбияланган балдарга коомчулуктун көңүл буруп, кароосуз калган балдарга боорукердик кылууга үндөө экенин айтат.

Ош шаарындагы «Боорукердик» балдар үйүндө ата-энеси жок балдар тарбияланышат.

24

27

23

25

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×