Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 12:51

Оштун мэри А.Кадырбаев Жапалак айылындагы бала бакчанын курулушу менен таанышты

Turmush -  Бүгүн, 28-августта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак айылындагы бала бакчанын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу үчүн тендер өткөрүлүп, тендерден «Монтажник» курулуш компаниясы утуп алган.

120 орундуу бала бакчанын курулушу 2014-жылдын экинчи кварталында башталган. Курулуш иштери октябрь айында бүтүшү пландалууда. Жалпы сметалык баасы 22,9 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×