Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 11:55

Ошто Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо боюнча негизги даярдык иштери өтүүдө (фото)

Turmush -  Ош шаарынын борбордук аянтында 28-29-август күндөрү КРнын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгын белгилөөгө карата негизги даярдык иштери жүрүүдө.

Шаардык маданият бөлүмүнөн маалым болгондой, иш-чарага 1,5 миң адам катышат.

Маалыматка ылайык, түштүк калаанын коноктору жана тургундарына улуттук-патриоттук ырлар менен «Кыргызстан бий», «Эгемен элге салтанат», «Жүрөктөш», «Салам Ош», «Гүлдөгөн Кыргызстан» жана башка бийлер көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, «Келечек» балдар көркөм үйүнүн бий топтору балдар бийин жана «брейк» бийин бийлешет.

Борбордук аянттагы иш-чарага ЖОЖдордун студенттери жана шаардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышып, бардык тургундар майрамдык салтанатка чакырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×