Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 10:33

Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушунун 1-этабы 10-сентябрда бүтөт, - мэр А.Кадырбаев

Turmush -  Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери токтоп калган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай сөзүн Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев №8 «Ак-Буура» аймактык кенеинин тургундары менен болгон жолугушуусунда айтты.

«Көпүрөнүн курулушунун 1-этабы 10-сентябрда бүтөт. Учурда жер алдындагы коммуналдык жана инженердик иштер аткарылып жатат. Ал эми 20-сентябрдан кийин 2-этабы башталат. Долбоору 365 миллион сомго бүткөрүлдү. Мурунку долбоорго караганда 230 миллион сом үнөмдөлдү. Бийиктиги 8 жарым метр болот. Май айында толугу менен колдонууга берилет», -деди мэр.

Мындан тышкары, Айтмамат Кадырбаев шаардагы учурдагы жүргүзүлүп жаткан курулуштарга жана чечилбей келген таза суу маселеси тууралуу да айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×