Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 28.08.2014 09:10

Оштун мэри А.Кадырбаев шаардагы «Ак-Буура» аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушту

Turmush -  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 27-август күнү шаардагы №8 «Ак-Буура» аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушту, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө кала башчысы шаардагы акыркы 7 ай ичинде аткарылган иштерге токтолуп өттү.

Айтмамат Кадырбаев тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, шаардагы чечилбей келген маселелердин бири болуп келген көпүрө тууралуу маселелерге токтолду.

«Буйруса аракетибиз өз жемишин берип жатат. Көпүрө курулбаса шаарга кандай кыйынчылык жаралаарын билесинер. Куруу иштери жаз алды менен бүтөт. Курулуштун башталышы мыйзам бузуулар менен башталган. Буга чейин көпүрөнү куруп баштаганда эле жалпы долбооуна 31 миллион сом акча каралса, анын 21 миллиону иштетилген. Андыктан долбоорун кайрадан иштеп чыгууга туура келди. Мурунку долбоор прокуратура тарабынан жокко чыгарылды», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×