Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 27.08.2014 18:44

Орусия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесинде Оштун 3,5 миң жараны катталган, - Ош шаарынын Эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы

Turmush -  Орусия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесинде 2013-жылдын ноябрь айынан тарта Оштун 3,5 миң жараны катталды. Бул тууралуу Ош шаарынын Эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгынын маалыматына таянуу менен «Адам укуктарын коргоо боюнча эдвокаси борбору» бейөкмөт уюмдар ассоциациясы билдирди.

Ош шаарынын Эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгынын башкы адиси Салима Исмаилова билдиргендей, көптөгөн жарандар башкармалыкка аталган тизмеден чыгуу үчүн арыз менен кайрылууда.

«Буга чейин 192 арыз кабыл алынды. Ал эми Федералдык миграция кызматы аларды 3-4 ай аралыгында карап чыгат. Учурда Орусияда иштеп жүргөн жарандар ар кандай себептер менен кайтып келип, аларды өлкөгө киргизбей жатышкандыгын билдирүүдө. Алардын арызын аталган башкармалык ай сайын Федералдык миграция кызматына жиберип турат», - деп билдирди С.Исмаилова.

Анын айтымында, жарандардын 99%ы документтерди туура эмес толтуруп, каттоо тартибин бузуу менен мыйзам бузушат. Ошондуктан кара тизмеге түшүп калышкан.

Алардын катарында Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×