Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 29.01.2014 16:12

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев таза суу берүүнүн абалы менен таанышты

Turmush -  Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев шаарды таза суу менен камсыздоонун абалы менен таанышып, ишкананын көйгөйлүү маселелерин укту. Бул тууралуу Ош шаарынан кабарлашты.

Шаардык муниципиалдык суу чарба ишканасынын жетекчиси Д.Кокочоров калкка таза суу жеткирүүдөгү негизги көйгөйлөрдү айтып, чечилбей жаткан түйүндүү маселелерге токтолду.

Шаар мэри негизги суу тазалоочу станция, станциянын лабораториясы жана №3ү7, №2,№5 насостук станциянын абалдары менен кеңири таанышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди оңдоого тапшырмаларды берди жана ишкананын жетишпестиктерине, чечилбей келген маселелерин тез арада кароого убада кылды.

Кыдыруу соңунда мэр А.Кадырбаев кандай оорчулук болбосун шаардын элин таза суу менен камсыздоо үзгүлтүксүз, сапаттуу жүргүзүлшү керектигине токтолуп, ишкананын жамаатын бардык санитардык нормаларды кармоого, шалаакылык менен мамиле кылбоого, өз иштерине берилгендик менен иштөөгө чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×