Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 28.04.2014 14:45

ОшТУнун студенттери Республикалык парламенттик дебатка катышат

Turmush -  Ош технологиялык университетинин «Алай» дебат командасы Республикалык «Дебат клубу» тарабынан уюштурулган парламенттик дебатта биринчи орунга жетишти. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы.

Студенттер үчүн уюштурулган бул оюн Ош шаарындагы Жогорку жана атайын окуу жайлардын ортосундаөткөрүлүп, жалпысынан 20 жакын командалар катышышан.

Бул иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу жана Ош шаарындагы студент жаштардын достук мамилесин чындоо болуп саналат.

Жеңүүчүдеп аталган ОшТУнун «Алай» командасы Республикалык «Дебат клубу» тарабынан диплом, акчалай сыйлык жана кубок менен сыйланды.

Жакында май айында боло турган Республикалык парламенттик дебатта «Алай» командасы окуу жайдын намысын коргомокчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×