Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 25.04.2014 17:14

Ош шаарына быйыл 200 миң гүл отургузулду

Turmush -  Ушул жылдын жаз мезгилинен тартып шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты тарабынан Ош шаарында 4 миң даанадан ашуун дарактардын, ийне жалбырактуу дарактардын, бадалдардын көчөттөрү отургузулган.

Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватованын айтымында, окуу жайлар, мекеме ишканалар, жеке жарандар тарабынан отургузулган дарактардын саны мындан бир нече эсе көп.

«Калаанын эстетикалык кооздугун арттыруу жана тазалыгын жетиштүү деңгээлде кармап туруу үчүн тиешелүү бардык чаралар көрүлүп жатат.

Мындан сырткары, 5500 даана роза гүлүнүн, 5100 даана канн гүлүнүн жана чехиядан алынып келинген уруктан 180 миң даанадан көп көчөттөр даярдалып эгилүүдө», - дейт ал.

Эскерте кетсек, мэрия сунуш кылып жаткан Ош шаарын 2014-2017-жылдарга өнүктүрүүнүн программасында шаардын экологиялык климатын жакшыртуу жана жарандардын ден соолугу үчүн 2017-жылга чейин кошумча 500 миң даана дарактардын жана бадал өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн тигүү жана гүл аянттарынын санын 6000 чарчы метрге чейин кеңейтүү каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×