Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 24.04.2014 13:16

Ош шаарында студенттердин «Кыргызстанда дин жана жаштар» аттуу иш-чарасы жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 24-апрелде Ош шаарында окуу жайлардын студенттеринин арасында «Кыргызстанда дин жана жаштар» аттуу студенттик илимий-практиалык конференция «Куттуу жумалык» аземи менен жыйынтыкталып жатат, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Бул жылы 14-апрелден 24-апрелге чейинки убакыт «Куттуу жумалык» деп белгиленип, студенттер арасында илимге кызыктыруу, дин жаатында коомчулукту агартуу максатында семинар-тренингдер, конференциялар жана поэзия жаатында жарыштар өткөрүлгөн.

Бул жумалыктын уюштуруучусу Сайфулла Базаркулов: «иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - өлкөдөгү динге байланышкан маселелерде студент жаштардын пикир алмашуусу менен илимий көз караштарын өстүрүү, дин жөнүндө туура маалыматты жайылтуу, жаштардын диний радикалдык жана экстремисттик агымдарга кирип кетүүсүн алдын алуу болуп эсептелет», - деп белгиледи.

IMG_20140424_102348

IMG_20140424_102926

IMG_20140424_102934

IMG_20140424_102945

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×