Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Ош 24.04.2014 12:16

Ошто мектеп окуучулары арасында футбол оюну боюнча «Булгаары топтун» жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 23-апрель күнү №1 А.П.Федченко атындагы орто мектептер ортосунда футболдук мелдеш болуп өттү. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.

Маалыматка таянсак, ага шаардагы №49, №46, №53 жана №2 мектептеринин 4-классынын окуучулары катышты. Өспүрүмдөр арасында болуп жаткан бул мелдеш «Булгары топ - 2014» деп аталып, жеңичүүлөр аныкталды.

Жыйынтыгында 1-орунду № 49мектеп, 2-орунду №46 мектеп багындырып, ал эми 3-орунду №53 мектеп багындырып, жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×