Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 24.04.2014 12:12

Ош шаарындагы Кыргызстан элдер ассамблеясынын коомдук кабылдамасы элдин акчасын үнөмдөөгө шарт түзөт, - Н.Касиев

Turmush -  Мэриянын алдында ачылган Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы кеңсеси элдин акчасын үнөмдөө максатында уюштурулду, деп билдирди өкмөткө караштуу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этностор аралык мамилени чыңдоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Накен Касиев.

Ал бүгүн, 24-апрелде кеңсенин ачылыш аземинде билдиргендей, бул коомдук кабылдама элдердин укугун коргоо менен алардын акчасын үнөмдөө максатын көздөйт.

«Учурда көпчүлүк жарандар өз көйгөйлөрү боюнча мамлекеттик жетекчилерден жооп ала албай түйшүктөр жаралууда. Эми мекеме-ишканаларга маселени жеткирбей, коомдук кабылдамага кайрылса болот», - дейт Н.Касиев.

Тема боюнча: Ош мэриясынын алдында Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы кеңсеси ачылды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×