Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 23.04.2014 18:00

ОшТУда ректордун кубогуна парламенттик дебат болуп өттү

Turmush -  Ош технологиялык университетинде кечээ, 22-апрель күнү студенттери өз билимдерин дебат оюнунда текшеришти. Аларга окуу жайдын Жаштар комитети дебат оюнунун жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүүчү ректордун өтмө кубогун уюштурган. Бул туурасында Ош ТУнун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, студенттер үчүн уюштурулган бул оюн факультеттер аралык өткөрүлүп, 3 жылдан бери уюштурулуп келе жатат. Бул иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу менен шаардык деңгээлдеги жаңы каманда куруу болуп саналат, дешет уюштуруучулар.

Оюндун ачылыш аземине ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов өзү катышып, жеңүүчүлөргө белек катары баалуу китептердин томдуктарын, кыргызча-орусча-англисче сөздүктөрдү койду.

Сынакка жалпысынан 10го жакын команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду Технологиялык колледжинин «Алай» командасы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×