Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 23.04.2014 16:32

ОшМУда залкар акын Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата конференция болуп өттү (фото)

Turmush -  Ош мамлекеттик университетинде залкар комузчу жана төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына жана ОшМУнун 75 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция жана чыгармачылык кече уюштурулду. Бул туурасында ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, искусство факультетинде «Илим жана искусство» жумалыгынын алкагында уюштурулган кечеде ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, искусство факультетинин деканы Кылыч Курбанбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаевдер сөзгө чыгып, Т.Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгы, анын чыгармаларынын экинчи өмүрү тууралуу эскерүүлөрдү айтышты.

Конференцияда профессор Букарбай Иметов «Тоо булбулу Токтогул Сатылганов – улуу акын жана устат», улук окутуучу Мирлан Мамазаиров «Улуу акындардын ааламы Токтогул Сатылгановдун образы - көркөм сүрөт искусствосунда» деген аталыштардагы баяндамалар окулду.

Жумалык 21-апрелден 28-апрелге чейинки убакытка созулуп, анда бир гана илим жаатында эмес искусство, сүрөт чийүү, музыка боюнча конференцияларды, концерттик программаларды, ошондой эле графика, живопись жана декоративдик колдонмолор боюнча студенттердин иштеринин көргөзмөлөрү да уюштурулат.

Adc

gv

DFHF

gSD

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×