Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 22.04.2014 17:49

Оштун мэри борбордук базарга көчүрүлгөн «Тешик-Таш» кичи базарынын соодагерлери менен жолугушту

Turmush -  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 22-апрель күнү «Тешик-Таш» кичи базарынан борбордук базарга көчүрүлгөн соодагерлер менен жолугушту. Бул туурасында ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, сатуучулар Навои көчө тарабынан кирген базардын кире бериш жагы жабык болгондуктан алуучулар аз келип жатканын билдиришти. Буга шаар мэри соода орундуктар сатуучулардын коопсуздугу жана жана шаардын тазалыгы үчүн жасалып жатканын түшүндүрдү.

«Анткени, Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу башталып, чоң унаалар иштейт, аны иштөө учурунда элдердин көптүгү кооптуу», - деп белгилейт шаар мэри сөзүндө.

Ошондой эле базардын абалы жакшырарын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×