Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.03.2014 13:11

Ошто университеттин мырзасын аныктаган сынак уюштурулду

Turmush -  Кечээ, 3-март күнү Ош технологиялык университетинде «ОшТУ мырзасы» сынагы өткөрүлдү. Сынакка университеттин бардык факултетинен катышышты.

Окуу жайдын басма сөз катчысы маалымдагандай, 9 катышуучу өздөрүнүн талантын, физикалык күчүн көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгы боюнча университеттин мырзасы наамына кибернетика жана маалымат технологиялык факультетинин экинчи курсунун студенти Кулат уулу Нурсултан ээ болуп, экинчи орунду Боронбай уулу Нурислан, ал эми үчүнчү орунду Абдыбек уулу Мукан ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×