Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 04.03.2014 11:17

Ошто «Нооруз» майрамын белгилөөгө карата даярдыктар башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 4-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында «Нооруз» майрамын белгилөөгө даярдыктар башталды. Бул туурасында майрамга карата даярдыктын режиссеру Абдыганы Жумабаев билдирди.

Маалымат боюнча, даярдыкка Ош шаарындагы ар бир жогорку окуу жайлардан 150-200дөн студент катышат.

«Иш-чаранын программасы бекитиле элек, бирок биз театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, жаздын, чымчыктардын келишин, ошондой эле жаздын келишин жаңылануу менен сүрөттөгөн бийлер көрсөтүлөөрүн пландаштырдык», - деди А.Жумабаев.

Ошондой эле, анын сөзү боюнча, жаңы салтанаттуу иш-чаралар болот, бул көрүүчүлөргө сыр экенин майрамдык иш-чаранын режиссеру кошумчалайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×