Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 18.02.2014 18:24

Ошто бүгүн электр жарыгын берүүдө 19 авариялык өчүрүүлөр катталды

Turmush -  Ош шаарында бүгүн, 18-февралда электр жарыгын берүү боюнча 19 жайда авариялык өчүрүү катталды. Бул туурасында Ош шаардык райондор аралык электр тармактар ишканасынын башкы инженери Бектемир Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү өчүрүүлөрдүн себеби - электр жарыгын көп колдонуп жаткандыгына байланыштуу электр зымдары күйүп кеткен жана кээ бир жайларда электр зымдарынын эскилиги жеткен.

«Түшкөн арыздардын ичинде учурда 16 жайга жарык берилип , Курманжан Датка — 246, Мушкетов - 14 жана Руставели - 14 көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп жатат», - дейт Б.Токторбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×