Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 17.02.2014 15:04

Ой пикир: Ооган ардагерлеринин эскерүүсү

Turmush -  Ош шаарында Советтик армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына арналган салтанатта иш-чаранын айрым катышуучулары төмөндөгүдөй ой бөлүштү.

Орусия федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулдугунун консулу А.Овсянников: «Ооганстандагы согуш Орусия менен Кыргызстан үчүн маанилүү болуп саналат. Ал окуялардын катышуучулары аймактагы тынчтыкты сактоого зор салым кошушту. Курман болгондорду эскербей коюуга болбойт, алар өз өмүрүн интернационалдуулукка арнашты. Ооган согушунун кыйын күндөрүнөн өткөндөрдү терең урматтоо менен, биздин балдар жана неберелер, өз өлкөсүнүн чыныгы мекенчилдеринин атын билүүсү керек».

Ардагерлердин ойлору:

Равшанбек Сулайманов, 52 жаштагы ардагер: «Биз шаардык администрацияга ардагерлерге көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Негизгиси – биздин салымызды, бизди эстегени, ар бир өсүп келе жаткан муунга үлгү болушун каалайбыз».

Хусан Хасанов, ардагер 44 жашта: «Бизди эстегендерине Кудайга шүгүр. Бул эң негизгиси. Жаш муундар көбүнчө, биз эмне үчүн күрөштүк, биздин милдет эмне экенин билишпейт. Буга окшогон майрамдык иш-чаралардан соң, жаштар кандай баалуулук үчүн күрөшкөнүбүздү түшүнүшөт. Биздин ар бирибиздин баатырдыгыбыз жаштарды патриоттук тарбиялоодо үлгү боло алат».

Александр Габаритов, ардагер, 45 жашта: «Баары жакшы өттү, ыкчам түрдө, аябай жакты. Балдар да көңүлдүү. Элдер турган жок, тоңгон жок, эч кандай ашыкча нерселер болгон жок. Бизди унутпагандарына рахмат».

Камилжан Ниязбаев, ардагер: «Иш-чара жакшы масштабдуу түрдө өттү. Мага аябай жакты».

Наталья Земскова, каза болгон ардагердин жубайы: «Ар жылы ушинтип майрамдаганды кудай насип этсин. Бир гана белгилеп кетчү нерсе, көптөгөн ардагерлер, дары-дармекке жана атайын жардамга муктаж».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×