Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 17.02.2014 12:12

Ош шаарындагы насостук станциянын сапатсыз курулушуна ким айыптуу экенин мен билбейм, - Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Д.Көчөчоров

Turmush -  Ош шаарынын «Туран» кичи районуна суу жеткирүүчү №2 насостук станциянын курулуш иштерине биз жооптуу эмеспиз, деп билдирди Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Дөөлөтбек Көчөчоров бүгүн, 17-февралда turmush.kg сайтына.

Ал мындай билдирүүнү №2 насостук станциянын сапатсыз курулушу боюнча буга чейин чыккан маалыматка комментарий берип жатып айтты.

«Мен станциянын курулуш иштерине - тендерден утуп алып, ишти аткарган подрядчик күнөөлүү деп ойлойм, деп айткан эмесмин. Бул боюнча ким айыптуу экенин мен билбейм», - деди ал.

Анын айтымында, суу каналдарды куруу үчүн буйрутма берүү, тендер өткөрүү, курулушту көзөмөлдөө жана аны кабыл алуу боюнча иштердин бардыгы Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын милдетине кирет.

«Ошондуктан бул ишке кайсы бир тарапты күнөөлүү деп айтуум мүмкүн эмес», - деп кошумчалайт ал.

Тема боюнча: Ош шаарынын «Туран» кичи районуна суу жеткирүүчү №2 насостук станция сапатсыз курулгандыгы айтылды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×