Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-ноябрь
Ош облусу, Ош 15.02.2014 13:17

Ошто жол боюндагы мыйзамсыз унаа токтоочу жайлар менен соода кылган аймактар иретке келтирилип жатат, - мэрия

Turmush -  Ош шаарынын сырткы каттамдар боюнча унаалар токтоочу жайлары иретке келтирилип баштаганын Ош шаардык мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов аймактык кабарчыга билдирген.

«А.Навои көчөсү менен А.Масалиев көчөсүнүн кесилишинде орун алган башаламандыкты иретке келтирүү максатында шаардык мэриянын жетекчилиги тиешелүү адистер менен кеңешме өткөрүп, тазалоо иштерин жүргүзө баштадык. Соода-сатык иштери менен көчөгө чыгып алган сатуучуларды «Келечек» жана «Тынчтык» базарларына киргизип, жол боюнда пайда болгон мыйзамсыз унаа токтоочу жайларды тартипке сала баштадык. Бишкек, Талас, Алай, Чоң Алай жана Кара-Кулжа багыты боюнча жүргөн таксисттер «Аргымак» автобекетине көчүрүлүп, Алимжанов көчөсүндөгү унаа токтоочу жайга жайгаштырылды», - деди У.Раманов.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×