Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 15.02.2014 13:13

Ошто турак-жай курулуштарын Бишкекте катталган компаниялар жүргүзүп баштайт

Turmush -  Ош шаарындагы турак-жайларды Бишкек шаарында катталган курулуш компаниялары кура баштайт. Мындай маалымат Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын токтомунда айтылат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ошондой эле, ушул жылы аткарыла турган милдеттер жөнүндөгү токтомдо курулуп жаткан объектилердин курулушуна капиталдык салымдарды өз убагында чегерилишин камсыз кылуу жана жаңы курулуштарга инвестицияларды тартуу талабы коюлган.

«Бир айлык мөөнөттө курулуш индустриясын өркүндөтүү максатында вице-премьер-министр Тайыр Сарпашевдин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарында каттоодо турган компаниялардын катышуусу менен Ош шаарында турак-жай курулушун уюштуруу боюнча иш чара иштеп чыгуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алимжан Байгазаковго милдеттендирилсин», - деп белгиленет аталган токтомдо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×