Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 13.02.2014 15:31

«Ош-Себат» лицейинде ата-энелер үчүн китеп окуу жарышы башталды

Turmush -  Бул тууралуу «Ош-Себат» лицейинин директору Иляс Арслан билдирди, деп маалымдады аймактыке кабарчы.

Иляс Арсландын пикиринде, окуучулардын татыктуу тарбия алуусунда үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролу чоң.

«Биз мугалимдер китеп окуунун канчалык пайдалуу экендигин айтканыбыз менен үй-бүлөдө китеп окулбаса, ийгиликке жете албайт экенбиз. Ошондуктан окуучуларыбыздын ата-энелерин китеп окууга кызыктыруу максатында Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романы боюнча конкурс жарыяладык. Кудай буюрса, февраль айынын соңунда ата-энелер үчүн атайын тест өткөрүп, жеңүүчүлөрдү аныктайбыз. Кийинки айга башка китептерди жарыялап, конкурсту жыл соңуна чейин уланта беребиз», - деди Иляс Арслан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×