Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 11.02.2014 12:40

Ош шаарында бул жумада эч кандай авариялык өчүрүүлөр катталган жок

Turmush -  Ош шаардык жылуулук берүү ишканасында бул жумада эч кандай авариялык өчүрүүлөр катталган жок, деп билдирди ишкананын башкы директорунун орун басары Абдуашим Туркменов.

Анын айтымында, аталган мекеме жылуулук менен камсыз кылууда буга чейин кошумча газды да колдонушчу.

«Азыркы учурда мазут жетиштүү болгон үчүн газды колдонгон жокпуз», - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаардык жылуулук борборунун башкы инженери Бахадыр Эргашов, мазут 2015-жылга да ашып калаарын билдирген болчу.

Анын сөзү боюнча, учурда калкты тейлөөдө 3 атайын топ иштеп, анын бирөө кечки убакта кызмат кылат.

Жылуулук борбор шаардагы 240 жеке жана көп кабаттуу үйлөрдү, 20 мектеп, 13 бала бакча жана шаардагы мамлекеттик ишканаларды жылуулук менен тейлеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×