Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 10.02.2014 18:14

Оштогу Бишкек-Чоң-Алай каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын бекети «Аргымак» унаа токтоочу жайына которулду

Turmush -  Ош шаардык мэриясынын №13 токтомуна ылайык 2014-жылдын 5-февралында Масалиев-Навои көчөлөрүнүн кесилиши унаа тыгындарына толуп кеткенкендиктен Ош-Бишкек жана Ош-Чоң Алай каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар «Аргымак» ААК унаа токтоочу жайга которулду. Бул жөнүндө Ош шаардык мэриясынын өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Алик Мырзалиев маалымадады.

А.Мырзалиев кошумчалагандай, бул унаа жайында баардык шарттар түзүлгөн. Ал эми унаа айдоочулар бул чечимге макул. Бул жердин жалпы аянты 2,5 гектарды камтыйт. Ал эми аргымак унаа токтоочу жайда айдоочулар үчүн бардык шарттар каралып, медициналык текшерүүдөн өтүп турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×