Turmush — Бүгүн, 4-июнь күнү Кыргыз-Өзбек университетинин 2019-2020 окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү үчүн Zoom программасынын жардамы менен онлайн түрдө бүтүрүү аземи уюштурулду. Аталган аземге университеттин 300дөн ашуун бүтүрүүчүсү катышты.
Иш-чараны КӨУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков алып барды. Ал эми КӨУнун ректору Чаткалбай Райымбаев учурдагы кырдаалга токтолуп, бүтүрүүчүлѳрдү куттуктады.
«Бүгүн биз сиздерди куттуу уябыздан учуруп жатабыз. Силер университетти аяктап, жаңы турмуш жолуна аттанып жатасыңар. Турмуш жолуңар байсалдуу болсун. Бизден алган билимди, тарбияны өз турмушуңарда натыйжалуу колдоносуңар деген үмүттѳбүз. Мындан ары дагы билимиңерди жогорулатуу үчүн магистратурага, аспирантурага барып, келечегиңерге кам көргүлө. Билим уяңарды унутпай, байланышта болуп тургула. Силер биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүзсүңөр!», - деди ректор.
Андан соң ректор билим берип, акыл-насаатын айтып турган жалпы профессордук-окутуучулар жамаатына да ыраазычылык билдирди.
КӨУнун түзүм жетекчилерине да куттуктоо үчүн сөз берилип, алар кыргыз эли сыймыктанган кыргыздын уул-кыздарынан болушуна тилектеш экенин билдирип, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты.
Бүтүрүүчүлөр тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жетекчилер жооп берип, студенттер да жетекчиликке, мугалимдер жамаатына ыраазычылык айтышты.
Өлкөдөгү абалга байланыштуу студенттер жыйынтыктоочу сынактарын онлайн режимде тапшырып жатышат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр квалификациялык иштерин жана мамлекеттик сынактарын Zoom платформасынын жардамы менен онлайн тапшырышат.