Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 01.12.2019 09:58

Ошто ТҮРКСОЙ иш-чарасы жыйынтыкталды

Turmush -  Кечээ, 30-ноябрда Ош шаары «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эстафетасын өткөрүп берди. Салтанат Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында чоң программадагы майрамдык иш-чара менен жыйынтыкталды.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жалпы уюштуруучуларга, аны менен катар ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине ыраазычылык билдирип, эстеликке баалуу белектерди тапшырды. Эстафетаны расмий түрдө Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берип, шаардын мэри Собыр Жуманиязовго ак калпак кийгизип, чепкен жапты.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүсен Касеинов Ош шаары меймандос эли, майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөргөнү менен эсте калгандыгын билдирип, ар тараптан кызматашуулар дагы да улана бере тургандыгын кошумчалады. Ал эми министр Азамат Жаманкулов Ош шаары түрк тилдүү мамлекеттерге байыркы шаар экендигин даңазалай алгандыгын айтып, эми дүйнө жүзүнө таанылта турган иш-чараларды да уюштуруларын билдирди.

Жыйынтыктоо иш-чарасынын алкагында түрк тилдүү мамлекеттерден келген чыгармачыл топтор өнөрлөрүн тартуулап, Кыргызстандын эстрада жылдыздары ырдашты.

2018-жылдын 18-декабрында Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×