Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 30.11.2019 14:18

Хива шаары 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн борбору болот

Turmush -  Хива шаары 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору болот. Бул сунуш Ош шаарында өтүп жаткан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37-отурумунда бир добуштан колдоо тапты.

Эстафетаны Хива шаарына расмий өткөрүп берүү иш-чарасы Ош облустук драма театрында болот.

Өзбекстан Республикасынын маданият министринин орун басары Камола Акилова
Хива шаары Өзбекстандагы тарыхый окуяларга күбө болгонун, туристтердин сүйүктүү шаарына айланганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×