Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 30.11.2019 12:35 На русском

Ошто ТҮРКСОЙдун отуруму өтүүдө

Turmush -  Ош шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37-отуруму өтүүдө.

Отурумга ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов, түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрлеринин орун басарлары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. Анда «Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» салтанатына арналган иш-чаралардын канчалык деңгээлде өткөрүлгөндүгү талкууланды.

Алгач Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жалпы катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип, аталган эстафетаны боордош Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берүүнү айтты.

«Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору болуу, шаарыбыздын эли үчүн чоң сыймык болду десем жаңылышпайм. Анткени жыл бою пландалган 20дан ашуун маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Алар улуу кыргыз элинин байыркы тарыхын, үрп-адатын, каада-салттарын кеңири даңазалоо максатында Түрк дүйнөсүнүн этно маданият фестивалын өткөрүү менен коштолду. “Байыркы Ош — цивилизациянын чордонунда” аттуу түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык тарыхый мааниси чоң илимий-практикалык конференциясы көрүнүктүү илимпоз аалымдардын катышуусунда өттү.

2019-жылдын 20-апрель күнү Кыргыз Республикасынын президенти, урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбековдун катышуусунда түрк тилдүү боордош өлкөлөрдөн келген расмий коноктор менен биргеликте “Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” салтанатынын ачылыш аземи жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.

21-апрель күнү ”Улуу Жибек жолундагы Ош шаары” эл аралык бизнес-форуму жана түрк тилдүү мамлекеттердин арасында эл аралык бий фестивалы өткөрүлүп, бардык келген коноктор өз өнөрлөрүн мыкты деңгээлде көрсөтө алышты.

Ош шаарында 20-майда Азербайжан акыны Имамеддин Насиминин 650 жылдыгынын урматына арналган акындарынын жолугушуусу болуп өттү. Ага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов баштаган Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Македония, Казакстан, Якутия, Башкортостан жана Кыргызстандын көрүнүктүү акындары катышып, жогорку деңгээлде өттү.

Ошондой эле “Ош — кечээ, бүгүн, эртең” эл аралык түркологдордун жана тарыхчылардын илимий-практикалык конференциясы уюштурулду.

24-30-май күндөрү “Байыркы Ош 21-кылымдын сүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык сүрөтчүлөр пленэри, ал эми 1-июнь күнү Алымбек датка атындагы этнографиялык борборунда “Ош балдардын көз карашында” эл аралык балдар сүрөт сынагы өткөрүлүп, келечек муундарга зор шык берди.

29-30-31-июль күндөрү “Ала-Тоодон Кара-Деңизге чейин” аттуу эл аралык жаштар форуму маданий жана спорттук иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп жаштардын достугун, интеллектуалдык дүйнө таанымын арттырып, бири-бири менен жакындашуусунун өзөгүн түзө алды.

17-август күнү “Ош Фест-2019” фестивалы Ош шаарынын туристтик потенциялын көтөрүү максатында байыркы Оштун тарыхын даңазалаган Кербен жүрүшү менен башталып, “Кеште-Терме” кол өнөрчүлүк, “Алтын өрөөн” эл аралык дизайнерлер мода көргөзмөсү, театралдашкан оюн-зоок жана концерттик программалар уюштурулуп, элибиздин эсинде калды.

17-19-сентябрь күндөрү Ош шаарында түрк тасмалары жумалыгы өтүп, “Бөрү”, “Биз үчүн чемпион”, “Жигердүү топ” тасмалары “Семетей” жана “Нур” кинотеатрларында акысыз көрсөтүлдү.

23-28-сентябрь күндөрү Ош шаарында Кыргыз эл артисти, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын 80 жылдык маарекесине карата 7-эл аралык “АРТ ОРДО-2019” театр фестивалы жогорку деңгээлде өттү.

Ал эми Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору эл аралык иш-чарасынын жыйынтыктоочу иш-чаралары катары Түркиянын атактуу ырчысы Ашык Вейселдин 150 жылдыгына арналган Түрк дүйнөсүнүн фото-сүрөтчүлөрүнүн кезектеги жыйыны жана түрк тилдүү мамлекеттердин кино жумалыгы уюштурулуп өткөрүлдү.

Эми эстафетаны өз деңгээлинде Хива шаарына өткөрүп берүү алдында турабыз. Анткени, шаарыбыз Түрк дүйнөсүнүн маданий жана материалдык көрөңгөсүн байытууга, эл аралык деңгээлде интеллектуалдык, маданий, тарыхый, соода-экономикалык жаатта кызыктуу баарлашуунун аянтчасын түзүп бере алды деген ишеничтебиз», - деди шаар мэри Т.Сарыбашов.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов да Ош шаарында «Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» алкагында уюштурулган иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп кетти.

Өзбекстан Республикасынын маданият министринин орун басары Камола Акилова аталган эстафета Хива шаарына өткөрүлүп жатканы өзбек эли үчүн сыймык экенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×