Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 29.11.2019 18:11 На русском

«Манас» эпосу өзбек тилинде жарык көрдү (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында «Манас» эпосу өзбек тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарында «Манас» эпосунун өзбек тилиндеги котормосунун бет ачары өттү. Ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, анын орун басары Кайрат Иманалиев, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дүйсөн Касеинов, Татарстан Республикасынын маданият министринин орун басары Ринат Закиров, Өзбекстандын маданият министринин орун басары Камола Акилова жана башка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Кайрат Иманалиевдин айтымында, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык иш-чарасынын жабылыш аземин «Манас» эпосунун өзбек тилине которулган китебинин бет ачары менен баштоону туура көргөн.

«Бексултан Жакиевдин «Манас» эпосунун кыскартылган варианты ТҮРКСОЙ уюму тарабынан өзбек тилине которулган. Ошондой эле эл аралык долбоордун эстафетасын Өзбекстанга өткөрүп берип жатабыз», - деди Кайрат Иманалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×