Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 29.11.2019 17:40

Финансылык пирамида: Оштун тургуну 8 аялды алдап, ар биринен 10 миң сомдон ашык акча алган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 8 аялды арзан тиричилик техникасын алып берем деп алдап кеткен келин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык прокуратурасы билдирди.

Шаардык прокуратуранын маалыматына караганда, Ош шаарынын аймагында тармактык (системный) маркетинг же финансылык пирамида менен алектенгендердин саны көбөйдү. Учурда социалдык тармактар аркылуу финансылык пирамида менен алектенгендер көп.

2019-жылдын 9 айында Ош шаарында 340 алдамчылык фактысы катталып, алардын ичинен 64 адамга карата 57 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлгөн жана аларга соттун өкүмү чыгарылган.

Ушул жылдын июнь-июль айларында Ош шаарынын Э.С. аттуу тургуну (аял киши) 8 айымды тиричилик техникаларын арзан алып берем деп кирип, өзүнүн электрондук капчыгына бирөөсүнөн 17 миң 500 сом, дагы бирөөсүнөн 15 миң сом, калгандарынан аталган сумманын тегерегиндеги акча которткон. Бирок Э.С. акча каражаттарын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган. Эч кандай тиричилик техникаларын алып бербей, түрдүү шылтоолорду айтып, качып жүргөн.

Жабырлануучулардын арыздары 8-августта Жоруктар жөнүндө кодекстин 92-беренесинин (орчундуу эмес өлчөмдөгү алдамчылык) жана Жазык кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүгүнүн (алдамчылык) негизинде Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Э.С.нын кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлгөн.

Ош шаардык сотунун 24-октябрдагы токтомуна караганда, Э.С. менен жабырлануучулар элдешип алганына байланыштуу, шектүү жазык жана жорук жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.

Шаардык прокуратуранын маалыматына караганда, финансылык пирамиданын жабырлануучулары болуп көбүнчө үй кожойкелери, өз алдынча ишкерлик менен алектенип көрбөгөн адамдар, аз айлык маяна алган кызматкерлер, пенсионерлер саналат.

Ош шаардык прокуратурасы жалпы жарандарды сак болууга жана куру убадаларга ишенип, күмөн туудурган компанияларга акчаларын которуудан оолак болууга чакырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×