Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 29.11.2019 16:37 На русском

Ошто гаражда жашаган 90 жаштагы карыя 100 миң сомун жээнине берип, кайра ала албай жатат. Сүрөт

Turmush -  90 жаштагы Ражап Абдыкааров 7 жылдан бери Ош шаарынын Алай көчөсүндөгү гаражда күн кечирип келет. Учурда анын эки буту ооруп, балдак менен араң басып калды. Пенсиясынын жардамы менен жанын багат. Бул тууралуу Ражап ата өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Р.Абдыкааров паспорту боюнча 86 жашта. Ал тез арада дарыланууга муктаж. 3 ай мурун аксакал К.Т. аттуу жээнине пенсиясынын эсебинен чогулткан 100 миң сом акчасын берген. Жээни акчаны унаа алам деп алып кеткен. Бирок ушул убакка чейин кайра кайтарып берген эмес.

«Мен 7 жылдан бери ушул гаражда жашайм. Айына 8 миң сом пенсия алам. Алган акчам тамак-ашыма араң жетет. Андан сырткары жашаган жеримдин электр энергиясынын акысын төлөйм. Көп жылдан бери пенсиямды чогултуп жүрүп, 100 миң сом топтогом. Аны К.Т. деген тууганым унаа алам деп, карызга алып кеткен бойдон качып бербей жүрөт. Азыр суук түшүп, бутумдун оорусу күчөп кетти. Ооруканага барсам, 30 миң сомдук дары жазып берди. Азыр дарыларды алганга каражатым жана жакындарым жок. Бирөөдөн деле жардам сурабайм, болгону 100 миң сом акчамды кайтарып берсе ооруканага жатып дарыланат элем», - деди Ражап Абдыкааров.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, аксакалдын акчасын алган адам Р.Абдыкааров жашаган гараждын жанындагы башка гаражда жашайт.

«Биздин ыкчам топ Ражап Абдыкааровго жолугуп келди. Ал арыз жазуудан баш тартыптыр. Акчасын алган киши тез арада акчасын кайтарып берерин билдирди», - дейт Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×