Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 29.11.2019 15:09

«Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»: Конокторду аэропорттон салтанаттуу тосуп жатышат

Turmush -  Кыргызстанга «Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун жабылыш аземинин коноктору келип жатышат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Бүгүн, 29-ноябрда «Ош» эл аралык аэропортунда түрк тилдүү мамлекеттерден «Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун алкагында өткөрүлө турчу иш-чараларга катышуу үчүн келип жатышкан конокторду салтанаттуу тосуп жатышат. Конокторду салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасына мэриянын жана жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жооптуу кызматкерлер катышууда.

Бүгүн, 29-ноябрда «Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун салтанаттуу жабылыш аземи өтөт. Анын алкагында Ош шаарында бир катар иш-чаралар пландалган.

Долбоордун салтанаттуу жабылыш аземине 100 расмий конок катышат. Алардын ичинде 10 чакты түрк тилдүү мамлекеттердин министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилери, чыгармачыл топтор жана маданият тармагынын өкүлдөрү бар.

«Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун жабылыш аземинин программасы бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×