Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 29.11.2019 14:53 На русском

Эми шайлоого аттанган талапкерлер мамлекеттик тилди толук билери тууралуу сертификат алышат

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрь күнү Ош шаарында 2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоого карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдагы толуктоолор жана өзгөртүүлөр боюнча маалымат жыйын уюштурулду.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, акимдер, айыл өкмөт башчылар жана Ош шаардык кеңешинин депутаттары катышты. Депутат Айнура Алтыбаева Жогорку Кеңештеги жана жергиликтүү кеңештердеги орундардын 30 пайызына айымдарды милдеттүү түрдө шайлоо керек экенин белгиледи.

«Ушул жылдын 8-августунда президент бир катар мыйзамдарга кол койду. Депутаттардын 30 пайызын милдеттүү түрдө айымдар түзүшү керек. Андан сырткары мурда бир депутат мандатын тапшырса, анын ордуна тизмедеги андан кийинки талапкер келчү. Азыркы мыйзам боюнча айым депутат мандатын тапшырып кетсе, анын ордуна кайра айым келет. Ошондой эле мырза депутаттар мандатын тапшырса, анын ордуна мырза талапкер келет», - деди Айнура Алтыбаева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун айтымында, шайлоого карата киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор шайлоонун таза өтүшүн шарттайт жана добуш сатып алууну алдын алат.

«Мурда бир адам добуштарды сатып алса, ал өзү жалгыз жоопко тартылчу. Жаңы мыйзам боюнча добушту сатып алган адам талапкерге тишеси бар же саясий партиянын мүчөсү болсо, анда талапкер же саясий партия дагы жооп берет. Мындан сырткары айыл өкмөт башчысы кызматына, жергиликтүү кеңештин, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер сөзсүз түрдө мамлекеттик тилди толук билет деген сертификат алышы керек», - деди А.Бегматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×