Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 29.11.2019 12:46

Ошто чет өлкөлүк дарыгерлер 8 бейтаптын жүрөгүнө операция жасашты

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында жүрөккө жасалган алгачкы операциянын 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Илимий конференцияга Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан өлкөлөрүнөн жана Бишкек шаарынан келген дарыгерлер катышты. Дарыгерлер жүрөк-кан тамыр хирургиясындагы жогорку технологиялык ыкмаларды жана дарт аныктоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчиси Талант Арстанкуловдун айтымында, чет өлкөлүк дарыгерлердин катышуусунда 8 операция жасалган.

«25-ноябрдан бери чет өлкөлүк жана Бишкектен келген кесиптештер менен бирге жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган 8 бейтапка операция жасадык. Кытайдан келген профессор Конг жетектеген кесиптештерибиз 3 бейтапка операция жасашты. 5 операцияны Россиядан келген эки дарыгер И.М.Ботвин жана А.А.Серегин жасашты. Операциялар заманбап аппараттардын жардамы менен жасалып, чет өлкөдөн келген дарыгерлер мастер-класстарды өткөрүштү. Бүгүнкү күндө бейтаптардын абалы жакшы», - деди Талантбек Курбаналиев.

Ал Ош облусунда кардиологдор жетишсиз экенин кошумчалады.

Жүрөккө жасалган алгачкы операция Бишкек шаарында 1964-жылы 25-ноябрда Иса Ахунбаев тарабынан ишке ашырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×