Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 30.11.2019 13:20

Ош шаардык казыяты балдар үйүнө акчалай жардам көрсөттү

Turmush -  Ош шаардык мусулмандар казыяты «Наристе» балдар үйүнө көмүр сатып алуу үчүн акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу Ош шаардык казыятынын басма сөз катчысы Алибек Акбарали уулу билдирди.

Анын айтымында, акча каражаты балдар үйүнө 25-ноябрь күнү тапшырылган. Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла Сарыбаев мүмкүнчүлүк болсо, ар бир адам аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, балдар жана карылар үйүнө жардам бериш керек экенин билдирди.

«Буга чейин ал жерде баяндарды уюштуруп, зыярат кылып турчубуз. Негизи каражат маселеси бизде да оор. Ошондой болсо да дайыма жардамга даярбыз», - деди Убайдулла Сарыбаев.

Ал эми балдар үйүнүн жетекчиси Халыс Арзыева казыят тарабынан 12 миң сом берилгенин айтты.

«Күн суук болуп, кыжаалат болуп жаткан учурда 12 000 сом абалыбызды бир кыйла жеңилдетти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×