Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 29.11.2019 10:31

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түштүк аймагы боюнча төрагасы ОГПИнин студенттери менен жолугушту

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин студенттери Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түштүк аймагы боюнча төрагасы, тарых илиминин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокурович менен жолугушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди.

Маектешүү кечээ, 28-ноябрда окуу жайдын Гуманитардык факультетинин студенттери тарабынан уюштурулган. Анын максаты — жаштарды тарбиялоо. Иш-чарага Гуманитардык факультеттин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, профессор Балтагул Нурунбетов өзүнүн тажрыйбасы жана билими менен бөлүштү. Ал студенттердин суроолоруна так жооп берип, акыл-насааттарын айтып, кеңешин аяган жок. Б.Нурунбетов ушул сыяктуу жолугушууларды мындан ары да улантуу керек экенин сунуштап, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирди.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×