Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 29.11.2019 09:41

«Тез-тез кыймылдабайсыңарбы»: Бекболот Шарипов жумушун сындагандарга кандай жооп кайтарган?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматы
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматы

Turmush -  Ош шаарынын 1976-жылы туулган тургуну Бекболот Шарипов 15 жылдан бери куткаруучу болуп эмгектенет. Ал 2004-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматы жаңы ачылганда жумушка орношкон. Ошондон бери талыкпай, милдетин так аткарып келет. Куткаруучу менен аймактык кабарчы таанышты.

Бекболот Шарипов 43 жашта. Ал жумушу жоопкерчиликтүү жана кооптуу экенин айтты.

«Куткаруу учурунда адамдар менен иштөө кыйын. 5 жыл мурун бир окуя болгон. Учар айылындагы каналга айдоочу автоунаасы менен түшүп кетиптир. Биздин куткаруу кызматы жардамга барган. Өзүбүздүн жумушубузду аткарып жатсак, ошол жердеги адамдар бизге "сууга түшүп эле тез-тез кыймылдабайсыңарбы, өкмөт акча төлөгөндөн кийин" дешти. Мен аларга "биз дагы бирөөнүн баласыбыз, атасыбыз. Өмүрүбүздү тобокелге салбашыбыз керек. Ошол өкмөттөн алган акчамды силерге берем, силер сууга түшүп куткаргыла" деп айткам.

Биздин негизги милдетибиз — адамдын өмүрүн сактап калуу. Кээ бир жерде кылдаттык менен иш алып барышыбыз керек. Каналда суу көп көлөмдө агып жаткандыктан бардык жагын кылдаттык менен карап, иш алып барганбыз. Бирок аны айрым тургундар түшүнбөйт экен», - деди куткаруучу.

Бекболот Шарипов үй-бүлөлүү. Учурда 2 уул, 2 кыздын атасы.

«Биз куткаруу учурунда түрдүү жагдайларга туш болобуз. Бирде үй өрттөнүп, анын ичиндеги адамдарды куткарсак, айрым учурларда эшиги ичинен кулпуланып, сыртка чыга албай калган бөбөктөрдү куткарууга туура келет. Күн-түн дегенди билбейбиз. Кайсы убак болсун, куткарууга жөнөп кетебиз», - деди Б.Шарипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×