Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2019 17:56

Айыл турмушу: Студент Алмазбек өзүн-өзү камсыздап, айына 20 миң сомго чейин киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде 3-курста окуган Алмазбек Ражапов окуусуна жана күнүмдүк каражатын өзү табат. Ал окуусунан тышкары шаардагы 40тан ашуун дүкөн, үйлөрдүн электр тармагына тиешелүү жумуштарын жасап берип, ата-энесинен акча сурабайт. Жаш электрик менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, чоң атасы электрик болгон. Бала чагында чоң атасынын жумушуна кызыгып, кошо жүрүп электр тогуна тиешелүү жумуштарды аткарууну үйрөнгөн.

«Эсимде 1-2-класста окусам керек. Үйдөгү электр тогу менен иштеген тиричилик техникаларын атайын бузуп, кайра эч кимге көрсөтпөй өзүндөй кылып оңдоп койчумун. Ошентип студент болуп, өзүмдү-өзүм багып, окуу жайдын акысын, жатакана, тамак-аш, кийимдерге сарпталган каражаттарды өзүм табам. Студент болгондуктанбы, кардарлардын жашоо шартына карап арзан кызмат көрсөтөм. 40тан ашуун мекеме-ишкананын, дүкөндөрдүн ишеничине кирдим. Баары эле арзан жана сапаттуу болушун каалайт. Шаардын турмушу мени тарбиялады окшойт. Турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, ар кандай адамдардын жумушун бүтүрүп бересиң. Адал иштеп жатканыма шүгүр. Айына орточо эсеп менен 20 миң сомдун тегерегинде киреше табам. Өзүмө керектеп, ашканын ата-энеме салам. Кээде жумуш жакшы болот же болбой да калат. Андай учурда устачылык да кылып жиберем. Бир да күнүмдү бош өткөргүм келбейт. Бош болуп калсам ошол күнү уйкум качып, жакшы уктай албай, бир нерсени жоготуп алгандай кыжалат болом. Бирок аны эч кимге билдирбейм», - дейт студент.

Ал жумушунда кооптуу учурлар көп экенин жашырган жок.

«Кээде өзүм жалгыз жетишпеген жумуштарга Ахун аттуу жердеш инимди чакырам. Бир кызыктуу окуя болгон. Ахун электр тогу менен иштеген жылытуучу жабдыкты оңдоп жатканда мага туташтырылган электр тогун өчүрүп коюуну айткан. Бирок эсимден чыгып кетип, Ахунду ток уруп, жылытычуу жабдыктан от чыккан. Эсте каларлык күндөр көп болот. Электр тогу менен иштеген ар бир күн кооптуу», - дейт Алмаз Ражапов.

Ал Кадамжай районунун тургуну. Учурда ОшМУнун медициналык колледжинде билим алууда, 22 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×