Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2019 17:00

Ошто 700дөн ашуун окуучу РИИБдин иши менен таанышты

Turmush -  Ош облусундагы райондук ички иштер бөлүмдөрүндө окуучулар үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.

Иш-чара 25-27-ноябрь күндөрү өткөн. Анын негизги максаты — өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту алдын алуу, патриоттук сезимдерге тарбиялоо. Иш-чаранын жүрүшүндө келечекте милиционер болууну каалаган мектеп окуучулары дагы болду. Алар милиция кызматкерлерине кызыктырган суроолорун берип жатышты. Өспүрүмдөргө курал-жарактар, убактылуу кармоочу жайлар көрсөтүлүп, кылмыш, рэкетчилик, өз өмүрүнө кол салуу темалары боюнча кенен маалымат берилди. Маектешүү суроо-жооп иретинде өттү.

Ачык эшик күнүнө облустагы 41 мектептен жалпы 763 окуучу катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×