Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2019 13:02

ОшТУда «Билерман студенттер» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ош технологиялык университетинде «Билерман студенттер» аталышындагы интеллектуалдык оюну уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Оюн кечээ, 27-ноябрда ОшТУнун факультеттери арасында өткөрүлгөн. Иш-чара окуу жайдын Табигый техникалык факультети тарабынан ОшТУнун тарыхын талкулоо, студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү максатында уюштурулган. Интеллектуалдык мелдеш 4 турдан өтүп, ага 9 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду «Сабыр» командасы, 2-орунду «Багыт» командасы, 3-орунду «Айкөл» командасы ээледи. Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×